"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Кабулдагы президенттик сарайга келе жатышат. Бул тууралуу ооган өкмөтүндөгү расмий жетекчилердин бири Associated Press агенттигине билдирди. Коопсуздугунан улам атын атагысы келбеген бул жетекчинин айтымында, тараптар өкмөттү талибдерге өткөрүп берүү маселеси жөнүндө сүйлөшөт.
"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын "Азаттыктын" ооган кызматына ырастады. Бирок ал сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы тууралуу толук маалымат берген жок.
"Талибан" кыймылы учурда баш калаа Кабулду курчап турат. Бир нече саат мурда талибдер ооган баш калаасына күч менен эмес, тынч жол менен кире турганын жарыялашкан.
Ооган президентинин басма сөз кызматы Кабулдун айланасындагы бир нече аймакта ок атышуу болуп жатканын, коопсуздук күчтөрү эл аралык өнөктөштөр менен бирге шаарды көзөмөлдөп турганын билдирген.
Дагы караңыз
Ооганстан: талибдер Кабулга кирди, Гани өлкөдөн чыгып кетти"Талибан" Кабулга күч менен кирбей турганын билдирди Маршал Дустум Өзбекстандын Термез шаарына качтыПакистан Ооганстан менен чек арасындагы өткөрмө бекетти жапты