Министрлер кабинети учкучсуз аппарат чыгарган компания түзөт

Өкмөт үйү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Шумкар трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомун түзүү тууралуу токтомго кол койду.

Өкмөттүн 12-августтагы токтомунда айтылгандай, бул корпорация учкучсуз учуучу аппараттардын системасын чыгаруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырат.

"Шумкар" трансулуттук корпорациясы" 100% мамлекеттин катышуусу менен түзүлөт. Компаниянын негиздөөчүсү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду.

Мекемеге уставдык капиталды 100 миң сом деп бекитүү, Юстиция министрлигинен, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан каттоодон өткөрүү тапшырылган.

Мунун баарын президенттик администрациянын экономика жана финансы бөлүмүнүн өкүлдөрү көзөмөлдөй турганы айтылды.

Дагы караңыз

Түркия: суу ташкындын курмандыктары 44 адамга жетти“Талибандын” үрөй учурган зомбулугуОоганстан: түндүктөгү чоң шаар Мазари-Шариф талибдердин колуна өттүЖаңы конуштар мыйзамдаштырылат