Бишкектеги ЖЭБ-2 беш жыл аралыгында ишке кирери айтылды

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги ЖЭБ-2нин абалы менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Жылуулук электр борбору — 2нин (ЖЭБ-2) абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда жакын арада ЖЭБ-2ни реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалып жатканы айтылат.

ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандыруу, 2-5 жылдын ичинде куруп бүткөрүү менен анын кубаттуулугун 460 МВтка жеткирүү сунушталып жатканы белгиленген.

ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккан. Долбоор боюнча негизги отун катары жаратылыш газын колдонуу пландаштырылган. Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2ни 100 гектардан ашык жерге 2 этап менен куруу мерчемделген. Бирок СССР кулап, газ менен жабдуу үзгүлтүккө учурагандан кийин объектинин курулушу токтоп, 47 гектар аянттагы ЖЭБ-2нин санитардык зонасына акырындык менен жеке турак үйлөр курулуп кеткен.

Президент Садыр Жапаров ЖЭБ-2нин имараты менен жабдууларын көрүп чыгып, бул стратегиялык объектинин айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашты.

Жергиликтүү тургундар ЖЭБ-2нин айланасындагы жер тилкелерин трансформациялоо, социалдык объектилердин куруу жана башка курч көйгөйлөр тууралуу суроолорун беришти. (МТа)

Дагы караңыз

Кытайдын уйгурларга каршы узарган укуругуАткаминерлер төлөгөн миллиарддар Мэр Ош шаарындагы арматура заводу көчүрүлөрүн билдирдиОш: арматура заводунун айланасындагы нааразылык