14-августтун аба ырайы

Кегети.

14-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо жаан, кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 22…27;

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 25…27 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында да өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 18…20 градуска чейин жогорулайт.

Дагы караңыз

"Центерра" Кыргызстандын Кумтөр боюнча келишимдерди денонсациялоо аракетине жооп бердиАкимдерге жолтандабас сатып алынбай калдыСадыр Жапаров “Манастын уулу Семетей” тасмасы тууралуу үн каттыПрезидент коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алды