Кыргызстанда жаңы окуу жылы быйыл 15-сентябрда кадимки тартипте башталат, ошого байланыштуу каникулдардын жана “Акыркы коңгуроо” күнүнүн да мөөнөтү өзгөрдү. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 13-августта билдиргендей, мектептер мурдагыдай тартипте иштөөсүн улантат.
Биринчи чейрек 5-ноябрда аяктап, 8-14-ноябрь каникул болот. Экинчи чейрек 31-декабрда аяктап, андан кийин балдар 10 күн эс алат. Үчүнчү чейрек 18-мартта жыйынтыкталып, 21-27-март каникул болот. Ал эми төртүнчү чейрек 8-июнда аяктап, “Акыркы коңгуроо” 9-июнда өтөт.
Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын мартында жабылган мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлар толук ачыла элек. COVID-19 вирусу 170 миңден ашуун кыргызстандыкка жукту, алардын 2,3 миңден көбү каза болду. Көз жумгандардын алтоо бала экенин Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбор быйыл 27-июлда билдирген. (RK)
Дагы караңыз
COVID-19: Дагы жети адам көз жумду, 468 бейтап жаңы катталдыКазакстан Кыргызстанга гумжардам иретинде күздүк буудай үрөнүн беретКыргызстан Казакстандан бул өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөрдү тез арада алып салууну өтүндүОоганстандагы абал, Бишкектин даярдыгы