Электр энергиясын чектөө болгон жок

Электр линияларын оңдоо учуру. Август, 2021-жыл.

Ушул таптагы электр энергиясынын өчүрүлүшү кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болууда.

Бул тууралуу "Түндүк электр" мамлекеттик ишканасынын өкүлү Улан Манапбаев "Биринчи радиого" маек куруп жатып билдирди. Анын айтуусунда азыркы өчүрүүлөрдү жарыкты чектөө же маал-маалы менен өчүрүү деп түшүнүүгө болбойт.

"Электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү 2008-2007-жылдары энергетикалык кризис учурунда болгон. Бул жергиликтүү бийликтер менен макулдашуунун негизинде ишке ашат. Кайсы убактарда кандай аймактарда жарык өчүрүлөрү тууралуу алдын ала маалымат берилет".

Манапбаевдин айтуусунда линиялар оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан жумушчулардын коопсуздугу үчүн өчүп жатат.

2007-2008-жылдары "Токтогулдагы" суу 7-8 миллиард куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келет. Ушул тапта суу сактагычта 11, 9 млрд. куб метр суу бар.(ZKo)

Дагы караңыз

Ооганстандагы талибдер көзөмөлдөгөн аймактарОрусияда "мыйзамдагы ууруну"  ​​​​​​​актаган өкүм жокко чыктыЭкс-президент Сооронбай Жээнбеков УКМКга сурак бердиСарыбашовдун кызматтан кетишинин чоо-жайы Коронавирус жуктурган медицина кызматкеринин кенемтеси көбөйдү