Медицина тармагындагы эки илимий эмгек мамлекеттик сыйлыкка татыды

Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары президент Садыр Жапаров менен.

Кыргызстандын медицина тармагындагы эки эмгек илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыкка татыды. Авторлорго сыйлыгын тапшыруу салтанаты 12-августта өттү.

«Хирургиялык эндокринология көйгөйлөрү» деп аталган илимий эмгек үчүн сегиз окумуштуудан (Шамил Чынгышпаев, Нелли Ахунбаева, Хаки Бебезов, Сталбек Ахунбаев, Алмаз Шаназаров, Арсен Айдаралиев, Айтбай Казакбаев жана Орозали Кочоров) турган топ, ал эми «Заманбап илимий дүйнө таануу маданиятын түзүү жана өнүктүрүү теориясы» эмгеги үчүн окумуштуу Исабек Ашимов сыйланды.

Аларга президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» төш белгилерин жана ар бир эмгекке 250 миң сомдук сертификат тапшырды.

Илим тармагы ар бир өлкөнүн экономикалык абалына жараша болорун айткан талдоочулар Кыргызстанда бул тармакка тийиштүү көңүл бурулбай жатканын белгилеп келишет. Ал эми жакында Улуттук илимдер академиясындагы академик жана мүчө-корреспондент шайлоонун жыйынтыгы коомдо талаш-тартыш жаратты. (RK)

Дагы караңыз

COVID-19: Бишкекте эмдөө темпи төмөн болуудаБахавидинов: кыргыз-тажик чек араcындагы жаңжалдын чыгымы 1,3 млрд. сом болдуCOVID-19: Бир бейтапты дарылоого бюджеттен 2 миңден 38 миң сомго чейин кетүүдөБыйылкы жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталмай болду