Өлкөгө буудай жана ун ташып кирүүгө кошумча нарк салыгы убактылуу салынбай турган болду. Бул тууралуу токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 11-августта билдирди.
Мындай эреже бир жылдык мөөнөткө, 1-августтан тартып келерки жылдын 1-августуна чейин киргизилди.
Негизги максат – ундун базар баасын турукташтыруу, ички азык-түлүк рыногунда терс жагдайга жол бербөө, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, товар өндүрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүп берүү экени айтылды.
Кыргызстанда буудайдын наркы бир жылда дээрлик 40% кымбаттады. Былтыр килограммы 20 сом турса, быйыл орточо 29-30 сомдон сатылып жатат. Импорттук дан азыктарына көз каранды өлкөдө бул жагдай кооптонууну жаратууда. Быйыл кыргыз фермерлеринин түшүмү кыйла кыскарарын талдоочулар айтып жатышат. (RK)
Дагы караңыз
Тажикстан: төрт окуучу сууга чөккөн окуя боюнча мугалимдер кармалдыWashington Post: Пентагон Кабулдун кулашына даярКоронавируска каршы эмдөө боюнча көрсөткүч 32% жеттиFacebook Батыш вакциналары тууралуу жалган маалыматтарды өчүрдү