Камчаткада тик учак кырсыкка кабылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Камчаткада Ми-8 тик учагы кулап, сегиз адам набыт болгону кабарланууда. Дагы сегиз адам аман калган. Бул тууралуу саламаттык сактоо тармагындагы булактарына таянып, Интерфакс жазды.

Набыт болгондордун сөөгү кыйраган тик учактын калдыктары менен чогуу Куриль көлүнө чөгүп кеткен.

Алты жүргүнчү менен экипаждын эки мүчөсү суу бетине калкып чыгууга жетишкен. Аларды аймактагы коруктун кызматкерлери куткарышкан.

Куриль көлү Камчаткада чоңдугу боюнча 3-орунда турат. Көлдүн тереңдиги 316 метр.

Дагы караңыз

Байден дүйнөлүк демократия саммитин өткөрөтАбактагы Аспеков ооруканага түштүАКШ Сенаты Байдендин 3,5 триллион долларлык планын бекитти"Кумтөр" келишимин денонсациялоо иши башталдыМэр Ош шаарындагы арматура заводу көчүрүлөрүн билдирдиСанкт-Петербургда кыргызстандык жаранга кол салган киши кармалды№47 жана №21 абак жайлары Бишкектин сыртына чыгарылат