Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын алат

Датка-Кемин көмөк чордону.

Кыргызстан Түркмөнстандан 2021-жылдын август айынан декабрга чейин 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр-жай министрлиги билдирди.

Келишимге энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол койгон.

Андан сырткары Түркмөнстандан жаратылыш газын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылат.

Президент Садыр Жапаровдун июндагы Ашхабадга жасаган расмий сапары учурунда Кыргызстанга электр энегриясын сатуу боюнча сүйлөшүлгөн.

Кыргызстандын эң башкы “Токтогул” ГЭСинде суунун көлөмү 11,9 млрд. кубга жетти. Бирок бул баары бир былтыркыдан 2-3 млрд. кубга аз. (МТа)

Дагы караңыз

Ооганстандагы талибдер көзөмөлдөгөн аймактарАКШ: аялдарга ыдык көрсөткөнү айтылган губернатор кызматтан кететОрусия мушташка катышкан 100дөй мигрантты мекенине кайтарышы мүмкүнОш шаарынын мэри ишкерлерди коомдук транспорт көйгөйүн чечүүгө чакырды