Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин (Кыргызпатент) жетекчилиги алмашты. Мекеменин маалыматына караганда, жаңы директор болуп Рахат Керимбаева дайындалды. Аны дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 10-августта кол койгону белгилүү болду.
Керимбаева тууралуу азырынча расмий жарыяланган маалымат жок. Ачык булактардан ал 2015-жылы “Республика Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгонун, 2012-жылы Кыргызпантенттин кызматкери катары бул мекемедеги жемкорлук тууралуу айтып чыгып, жумуштан мыйзамсыз алынганын билдиргенин окууга болот.
Динара Молдошева иштен алынган себеби айтыла элек. Ал Кыргызпатентке жетекчи болуп 2018-жылы май айында дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон, Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин орун басары, өкмөттүн парламенттеги өкүлү, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болуп иштеген. (RK)
Дагы караңыз
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында мэр шайлоо 26-августта өтөтБукабаев: Айыл чарбаны өнүктүрүүгө каражат жетишсизКазакстан: коронавирустан бир күндө 154 киши көз жумду"Акаев бийликтин өтүнүчүн аткарып жатышы ыктымал"