Тажикстанга британ-швед өндүрүшүнөн чыккан AstraZeneca вакцинасынын 100 миң 800 дозасы жөнөтүлөт. Бул тууралуу Германия өкмөтүнүн расмий өкүлү Ульрике Деммер билдирди.
Германия өкмөтү өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө 30 млн. доза вакцина бере турган болду. Деммердин айтымында, вакцина COVAX программасынын алкагында Тажикстан, Өзбекстан, Судан, Эфиопия жана Ооганстанга, ошондой эле вакцинага өтө муктаж болуп жаткан башка өлкөлөргө берилет.
Тажикстандын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги августтун башында өлкөдө COVID-19га каршы бир миллиондой киши эмдөөдөн өткөнүн кабарлаган.
Дагы караңыз
Володиндин билдирүүсү, Жириновскийдин митингиКыргызстандын элчиси АКШдан жардам сурадыЕвробиримдик Багдад-Минск авиакаттамынын токтотулушун кубаттадыРаев: Мамлекет үчүн ишенимдердин конфликти кооптууЖети-Өгүз: 13 жаштагы турист сууга агып каза болдуМесси ПСЖ менен келишим түзүү үчүн Францияга келдиКлиматтын өзгөрүшү: күлгө айланган токойлор