Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жетекчи алмашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Гүлмира Абдралиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 10-августта президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ордуна министр болуп Эркинбек Осоев дайындалды.

Абдралиева министрликке жетекчи болуп быйыл февралда дайындалган.

45 жаштагы Осоев аталган мекемеде 2006-2017-жылдары иштеп, бир жылча министрдин орун басары болгон. (RK)

Дагы караңыз

Швеция: аскер кылмыштарына айыпталган ирандыктын соту башталды Беларус аркылуу Польша менен Латвияга өткөн мигранттар көбөйдүРаев: Мамлекет үчүн ишенимдердин конфликти кооптууКазакстанда коронавирустан бир суткада 107 киши өлдү