Казакстанда коронавирустан бир суткада 107 киши өлдү

Нур-Султан шаарындагы коронавирустан дарылаган борбор. 6-август, 2021-жыл.

Казакстанда соңку бир суткада коронавирустан 107 киши көз жумду, вирус дагы жети миңден көп адамдан табылды. Кошуна мамлекетте коронавирустун «Дельта» түрү кеңири жайылып жатат. Вирустун бул штаммы менен ооругандар жаштар арасында да көп болууда.

Ал эми 9-августа карата бул илдетке каршы вакцинанын биринчи дозасын 5,8 миллион киши алды. Толук эмделгендердин саны 4,44 миллиондон ашты.

Казакстанда негизинен Карагандыда өндүрүлгөн орусиялык «Спутник V» вакцинасын сайып жатышат. Ошондой эле жергиликтүү QazVac жана кытайлардын CoronaVac вакциналарын да колдонушууда.

Дагы караңыз

COVID-19: АКШда ооругандар көбөйдүТИМ: Орусия мигранттар катышкан кылмыштар көбөйгөнүн билдирди ТИМ: Кыргыз-украин комиссиясынын кезектеги жыйыны быйыл өтөт