COVID-19: Дагы алты адам каза болду, 471 бейтап жаңы катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 10-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы алты адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2413 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 471 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (212) жана Чүй облусунда (110).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 169 971 адамга жетти.

Бир күндө 995 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2609 адам жатат, дагы 4481 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан. (RK)

Дагы караңыз

Султанбеков эки партиялашынын чыры жөнүндө: эң катаал чара көрөбүзЖөө күлүк Тимановская Беларуста алган медалын аукционго койдуТалибдер белгилүү ооган акынын өлтүрүштүОрустарды тамашалаган куудул он күнгө камалды