УКМК: "Айчүрөк" дүкөнүндө барымтага алуу жөнүндө маалымат жалган

"Айчүрөк" соода борборунун алды. Бишкек. 9-август, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда адам барымтага алынды деген маалымат калп болуп чыккан.

"Ушул тапта УКМКнын кызматкерлери милиция менен чогуу бул маалыматты жиберген жаранды аныктоо аракетин көрүшүүдө. Атайын кызматтарды жалган маалымат менен чакыруу административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылат",- деп жазылган маалыматта.

Бүгүн, 9-августта саат 16:10 чамасында борбордук "Айчүрөк" дүкөнүндө колунда баштыгы бар кара кийимчен шектүү аял жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Дүкөнгө оперативдүү-тергөө тобу, милиция кызматкерлери, кайгуул-күзөт кызматынын экипажы жана Бишкек ШИИБ менен Свердлов РИИБнин жетекчилик курамы барды. Милициядан тышкары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери да иштеп жатканы кабарланды.

Жарандардын коопсуздугун сактоо максатында соода борборундагы адамдар эвакуацияланган.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары ичинде адамды барымтага алуу сыяктуу окуя болгонун жазып жатышат.

“Айчүрөк” борбор калаадагы ири дүкөндөрдүн бири. Ал “телефондук террористтердин” бутасына айланган учурлар буга чейин бир нече жолу катталган.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз салтын карманган корей кызыМилиция "Айчүрөк" дүкөнүн курчоо себебин түшүндүрдү"Айчүрөк" соода борборун милиция курчоого алдыРаев: Мамлекет үчүн көз караштардын конфликти өтө кооптууКыргызстан АКШдан бир катар тармактар үчүн жардам сурадыСауд Арабия коронавирустан каза тапкан медиктердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөй баштадыКербенде төртүнчү жолу мэр шайланган жокЖапония атом бомбасынын курмандыктарын эскерүүдөТөртүнчү ирет ишке ашпаган мэр шайлоо