Орусиянын "Интерфакс" агенттиги ишенимдүү маалымат булагына таянып, ФБКнын юристи, абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташы Любовь Соболь Стамбул аркылуу учуп, андан ары үчүнчү өлкөгө чыгып кеткенин жазды.
Навальныйдын аймактык штабдарынын координатору Леонид Волков Соболдун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу кабары жок экенин айтты.
Буга чейин Москванын Преображенский райондук соту Любовь Соболду "Санитардык иш" боюнча эркиндигин бир жарым жылга чектеген чечим чыгарган. Аталган эле иш боюнча Алексей Навальныйдын иниси Олег Навальный бир жылга шарттуу кесилген.
Бул чектөө белгиленген маалдан кийин эшикке чыкпоо, массалык иш-чараларга катышпоо жана полицияга барып туруу сыяктуу чектөөлөрдү ичине камтыйт.
Айыпкерлер бул иш саясий мүнөздө экенин белгилеп, күздөгү парламенттик шайлоого катыштырбоо максатын көздөй турганын айтышты.
Дагы караңыз
УКМК кыргызча сүйлөөнү талап кылып зомбулук көрсөткөн адамга расмий эскертүү бердиЫсык-Көл: момдон жасалган айкелдердин музейиОрусия: Борбор Азиядан келген мигранттарга виза эрежесин киргизүү сунушталдыОогандын түндүгүндө кармаш күчөдү“Сапат” мектебинин окуучулары дүйнөлүк олимпиадаларда бир нече медаль утушту