Президенттик администрациянын Тышкы саясат бөлүмүндө жана өлкөнүн Казакстандагы элчилигинде жетекчилик алмашты. Бул тууралуу 9-августта «Азаттык» радиосуна мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Жээнбек Кулубаев администрациянын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. 2018-жылдан быйыл июль айына чейин ал Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болчу.
Казакстандагы элчиликти 2020-жылдын ноябрь айынан бери администрациянын Тышкы саясат бөлүмүн башкарып келген Дастан Дүйшөкеев жетектемей болду. (RK)
Дагы караңыз
"Ден соолук" уюлдук тиркемеси иштеп баштадыМуканова: Акылбек Жапаровдун демилгеси президенттин аракетине каршы келүүдөИскра Райымкулова "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилдиОрусия Кыргызстандагы орус тилдүү атуулдардын укугун коргоого чакырды