Искра Райымкулова "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Искра Райымкулова "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Искра Райымкулова "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди.

85 жаш курагында дүйнөдөн кайткан актриса менен коштошуу зыйнаты 9-августта Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болду.

Искра Райымкулова 1937-жылы Кемин районунун Шабдан айылында туулган. Ал Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" драмасында Жеңишбектин легендага айланган образын жаратып, улуттук театрдын тарыхына кирген.

Ал 1957-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик драма театрында жарым кылымдан ашуун эмгектенип, Алтынай ("Биринчи мугалим"), Алиман ("Саманчынын жолу"), Корделия ("Король Лир"), Кей ("Уурдалган өмүр"), Жульетта ("Ромео менен Жульетта"), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү") сыяктуу ондогон образдарды жараткан. (MZh)

Дагы караңыз

Олимпиада-2020: Кош бол, Токио!Султанбеков эки партиялашынын чыры жөнүндө: эң катаал чара көрөбүзКыргызстанда иран тектүү британиялык альпинист изделүүдөCOVID-19: Бишкектен кийинки орунга Ысык-Көл чыкты