Кыргызстанда пандемияга байланыштуу чектөөлөрдөн улам бизнеси жабыркаган 13 ишкерге 10 миң долларга чейин гранттык негизде каражат берилди. Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын алкагында JIA Бизнес-ассоциациясы жарыялаган сынактын негизинде ишке ашып жатат.
Ишкерлер биримдигинин маалыматына ылайык, берилген гранттар ишкерлерге керектүү жабдууларды сатып алып, иш орундарды көбөйтүүгө жана өндүрүшүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө.
Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы өлкөдө карантиндик чектөөлөр киргизилип, андан өлкөнүн экономикасы 8,1-8,6 пайызга чейин төмөндөгөнү расмий кабарланган. Чек аралардын жабылышынан тышкы соода алмашуу 1,3 млрд сомго азайган. Чектөөлөрдөн чакан жана ири ишкерлик жабыркаганы айтылган.(ZKo)