Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында карате боюнча мелдеште Ирандын спортчусу Саджад Ганжадзе алтын медал алды (кумите, +75 кг).
Медал ага атаандашы - Сауд Арабиялык Тарег Хамеди тыюу салынган ыкманы колдонуп, башка тепкени үчүн оюндан четтетилгенинин натыйжасында берилди. Ага чейин Хамеди Ганжадзени 4:1 эсебинде утуп келе жаткан.
Башына тепки жеген ирандык спортчуну аренадан замбилге салып көтөрүп кетишти.
Карате боюнча Жапониянын спортчусу Рутаро Агара менен Түркиянын оюнчусу Угур Актас коло медал алышты.
Карате Олимп оюндарынын тизмесине быйыл гана киргизилген. Бирок 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиаданын күн тартибинде жок.
Дагы караңыз
Медал уткан спортчулар, күйөрмандардын кубанычы"Чоң жетинин" мүчөлөрү Иранды танкерге кол салууга айыптадыКыргызстанда буудай кымбаттадыБишкек шаарынын прокурору Марсбек Кыдыкбаев кызматынан бошотулдуКыргызстан спортчуларын тосуп алды Кербенде төртүнчү жолу мэр шайланбай калдыМарипов: журналист Улукбек Карыбек уулун угууга даярмынАкаев: Президенттикти мыйзамдуу өткөрүп бербегеним үчүн өкүнөм