6 -августта АКШ аскерлери жана "Чоң жетинин" (G7) мүчөлөрү Омандагы танкерге кол салуу үчүн Иранды күнөөлөштү.
АКШ армиясынын Борбордук командачылыгы өткөн аптада Араб деңизинде учкучсуз учактын чабуулунан кеменин капитаны жана күзөтчүсү курман болгонун тастыктаган далилдерди чогултуп, текшергенин билдирди.
"Америкалык эксперттер бул учак Иранда жасалган деген далилдерге таянып жыйынтык чыгарышты ", - деп айтылат билдирүүдө. Ошол эле учурда, "Чоң жетинин" мүчөлөрү израилдик миллиардер Эял Оферге таандык кемеге "мыйзамсыз кол салууну" айыпташты.
Расмий Тегеран кол салууга эч кандай тиешеси жок экенин билдирүүдө.
"Чоң жети" уюмуна Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШ мүчө.
Дагы караңыз
Кыргызстанда буудай кымбаттадыБишкек шаарынын прокурору Марсбек Кыдыкбаев кызматынан бошотулдуКыргызстан спортчуларын тосуп алды Кербенде төртүнчү жолу мэр шайланбай калдыАкаев: Президенттикти мыйзамдуу өткөрүп бербегеним үчүн өкүнөмЛейлекте кенди ачууга каршыларга иш козголду