Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында жеңишке жетишкен кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова баштаган кыргызстандык оюнчуларды 7-августта "Манас" аба майданында расмий бийлик адамдары менен катар эле карапайым эл тосуп алды.
Токиодогу жайкы Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык курама командага арналган салтанаттуу иш-чара Ала-Тоо аянтында уланат.
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.
Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.
Кыргызстандык спортчулар Токио Олимпиадасында эки күмүш, бир коло медал утту. (GT/ZKo)
Дагы караңыз
Лейлекте кенди ачууга каршыларга иш козголдуКыргызстан спортчуларын тосуп алды Европада газдын баасы жаңы рекорддук чекке жеттиАйгүл тоодогу арзууКоронавируска каршы эмделген жарандардын саны 600 миңге чукулдады COVID-19: Дагы 681 адам вируска чалдыктыОоганстанда бейкүнөө кыйылган өмүрлөрУКМК журналист Сартбаевдин сөзү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады