Британия жарандарын Ооганстандан чыгууга чакырды

Герат шаарынан качып бараткан жергиликтүү тургундар. Ооганстан. 5-август, 2021-жыл.

Ооганстандагы кырдаалдын күн санап курчуп жатканына байланыштуу Британиянын бийлиги жарандарын өлкөдөн токтоосуз чыгууга чакырды.

Британ Тышкы ишер министрлиги сайтында "Ооганстандагы бардык британдыктарга тез арада коммерциялык автоунаалар менен өлкөдөн чыгуу сунушталат", - деп жазылган. .

6-августта ооган өкмөтүндөгү медиа борбордун башчысы Дава Хан Менапалды жоочулар атып өлтүрдү.

Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид Менапалдын өлүмү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

Ооганстандагы АКШ президенти Ооганстандан америкалык аскерлер быйыл 31-августка чейин толук чыгарыларын жарыялаган. Ошондон кийин Талибан кыймылы күчөп, өлкөнүн бир нече аймагын басып алууга жетишти. Мындан улам ооган аскерлери жана жайкын тургундар чектеш өлкөлөргө өтө качууда.

Ал тапта Талибан кыймылы Ооганстандын өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрүн бутага алган чабуулдарды күчөтө турганын эскертти. Буга чейин талибдер Кабулда коргоо министринин милдетин аткаруучу Бисмиллах Хан Мухаммадиге кол салууга аракет жасашкан.

Дагы караңыз

Европада газдын баасы жаңы рекорддук чекке жеттиАйгүл тоодогу арзууКоронавируска каршы эмделген жарандардын саны 600 миңге чукулдады COVID-19: Дагы 681 адам вируска чалдыктыОоганстанда бейкүнөө кыйылган өмүрлөрУКМК журналист Сартбаевдин сөзү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштадыУКМК: Бизде саясий туткундар жок, кылмышка айыпталгандар барКой-Таш окуясы: Атамбаевдин Жапаровго "насааты" Токтогул суу сактагычында 12 млрд. куб метрге чукул суу барТүркмөн лидери конокторун Каспий жээгинде тостуЛейлекте камалгандар бошотулдуОрусияда Навальныйдын иниси дагы соттолду