Европада газдын баасы жаңы рекорддук чекке жетти

Уренгойдогу завод жарылган учур. Ямал-Ненец автоном аймагы, Орусия. 5-август, 2021-жыл.

Европада көгүлтүр оттун миң кубометри 540 доллардан ашып түштү. "Коммерсантъ" баа "Газпром" ишканасынын Ямал-Ненец автоном аймагындагы заводу жарылгандан кийин көтөрүлүп кеткенин жазды.

5-августтан 6-августка караган түнү Уренгойдогу "Газпром кайра иштетүү" заводу жарылгандан бери "Ямал – Европа" газ кууру менен көгүлтүр отун экспорттоонун деңгээли төмөндөдү. Бейшембинин аягында Германияга келген газдын көлөмү эки эсе азайып, 1 млн. куб метрге түштү.

Маалыматта айтылгандай, Орусиянын экспортко кетүүчү газынын 80% Ямал-Ненецтеги завод аркылуу алынат. Заводдун жарылуусунан экология да жабыр тартканы кабарланууда. "Лента.ру" гезитинин маалымдашынча, заводдун жетекчилиги жарылуу боюнча маалымат берүүгө тыюу салган. Учурда кырсыктын себептери аныкталууда.

Орусиянын "Газпром" ишканасы дүйнө жүзүндөгү газ корунун 16%, ал эми Орусиядагы газ кендин 71% ээлик кылат.

Дагы караңыз

Коронавируска каршы эмделген жарандардын саны 600 миңге чукулдады COVID-19: Дагы 681 адам вируска чалдыктыОоганстанда бейкүнөө кыйылган өмүрлөрУКМК журналист Сартбаевдин сөзү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштадыУКМК: Бизде саясий туткундар жок, кылмышка айыпталгандар барКой-Таш окуясы: Атамбаевдин Жапаровго "насааты" Токтогул суу сактагычында 12 млрд. куб метрге чукул суу барТүркмөн лидери конокторун Каспий жээгинде тостуЛейлекте камалгандар бошотулдуДүйнөлүк банк Кыргызстандагы Digital CASA долбоорун токтотууда