COVID-19: Дагы 681 адам вируска чалдыкты

Коронавирустун жайылуусунун алдын алуу чараларынын бири - коомдук жайларда беткап менен жүрүү. Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек, 2021-жыл.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 7-августка карата 681 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жол менен ырасталды. Илдеттен 9 адам көз жумду. Акыркы суткада оорудан 1513 киши сакайды.

Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте - 327;
Ош шаарында– 8;
Чүй облусунда – 104;
Ош облусунда – 18;
Талас облусунда – 20;
Нарын облусунда – 11;
Ысык-Көл облусунда – 65;
Жалал-Абадда – 82;
Баткенде – 46.

Ушуну менен коронавирус алгач катталган былтыркы март айынан бери Кыргызстанда 168 415 адам ооруга кабылган. Анын ичинен 155 447 адам сакайды. Оорудан жалпы 2389 адам көз жумду. (ZKo)

Дагы караңыз

Ооганстанда бейкүнөө кыйылган өмүрлөрУКМК журналист Сартбаевдин сөзү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштадыУКМК: Бизде саясий туткундар жок, кылмышка айыпталгандар барКой-Таш окуясы: Атамбаевдин Жапаровго "насааты" Токтогул суу сактагычында 12 млрд. куб метрге чукул суу барТүркмөн лидери конокторун Каспий жээгинде тостуӨкмөт ишкерлерди милицияга текшерткиси келетЛейлекте камалгандар бошотулдуДүйнөлүк банк Кыргызстандагы Digital CASA долбоорун токтотууда