УКМК журналист Сартбаевдин сөзү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Азия Ньюс" басылмасынын башкы редактору Аслан Сартбаевдин үстүнөн Кылмыш кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактык кастыкты козутуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 7-августта кабарлады. Маалыматка ылайык, бул факты боюнча журналисттин Интернетке жарыялаган материалынын мазмуну тиешелүү экспертизадан өткөрүлөт.

"Азия Ньюс" басылмасынын башкы редактору Аслан Сартбаев "Фейсбуктагы" баракчасына Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовдун иш бөлмөсүндө кол алдындагы кызматкерлери менен сүйлөшүп отурган сүрөтүн өзүнүн комментарийи менен жарыялаган. Анын сөзү соцтармактын айрым колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан.

Былтыр эмурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев "Азия Ньюс" гезитин сотко берген. Сот анда 300 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Андан мурдараак «Азия Ньюсту» мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да сотко берип, басылма миллион сом доого жыгылган. Мындан тышкары гезит Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаев менен да соттошуп, ага 15 миң сом төлөй турган болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Кой-Таш окуясы: Атамбаевдин Жапаровго "насааты" УКМК: Бизде саясий туткундар жок, кылмышка айыпталгандар барТоктогул суу сактагычында 12 млрд. куб метрге чукул суу барТүркмөн лидери конокторун Каспий жээгинде тостуӨкмөт ишкерлерди милицияга текшерткиси келетЛейлекте камалгандар бошотулдуТокио-2020: Спорт менен искусствонун айкалышыОрусияда Навальныйдын иниси дагы соттолдуМамбетов Ошту, Сарыбашов Бишкекти бийлейт