Лейлектин Катраң айылында жол тосууга айыпталып кармалган алты адам үй камагына чыкты. Алардын арасында жергиликтүү кеңештин депутаттары да бар.
Мындан эки күн мурун Катраң айылындагы Алмалуу жайлоосундагы алтын кенин чалгындаган ишкана менен жергиликтүүлөр ортосунда чыр чыккан.
5-августта милиция жергиликтүү алты тургунду шектүү катары камакка алган. 6-августта жергиликтүү эл Лейлек - Исфана жолун бууп, алтын кенди чалгындоо иштерин токтотууну, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан.
Облус башчысы чогулгандар менен жолугуп, камалгандар бошотулаарын кенди иштетүү токтотуларын билдирген. Андан соң жол ачылды. (TSh)
Дагы караңыз
Түркмөн лидери конокторун Каспий жээгинде тостуТокио-2020: Спорт менен искусствонун айкалышыОрусияда Навальныйдын иниси дагы соттолдуӨкмөт ишкерлерди милицияга текшерткиси келетЛейлекте нааразылыктан улам тосулган жол ачылды