7-августтун аба ырайы

Кыргызстан.

7-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган облустарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 34…36 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 24…26 градуска чейин жогорулайт.

Дагы караңыз

Кыргызстан AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтотту Демократтар Жо Байденди Гуантанамо түрмөсүн жабууга чакырдыТимановская боюнча эки машыктыруучу аккредитациядан ажырадыАдвокат: Орхан Инанды түрмөнүн ооруканасында колунан операция болду