Түркмөнстанда Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу өтүп жатат. Президенттердин алгачкы диалогу бейрасмий форматта өтүп, өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов конокторду Каспий деңизинин жээгинде тосуп алды.
Расмий жыйында экономикалык кызматташтыкты арттыруу, энергетика тармагы жана Ооганстандагы соңку кырдаал талкууланары айтылды.
Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин саммитин уюштурууну Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев сунуштап, алгачкы жыйын 2018-жылы Казакстанда өткөн. 2019-жылы Ташкентте уюштурулган. 2020-жылы Кыргызстанда өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу жана октябрь окуяларынан кийин Түркмөнстан аны Ашхабадда өткөрүүнү сунуш кылган. (RK)
Дагы караңыз
Олимпиадага катышкан спортчуларга арналган салтанат Ала-Тоо аянтында өтөтОш шаарынын чечилбеген таза суу көйгөйүТИМ: Орусия мигранттар катышкан кылмыштар көбөйгөнүн билдирди Баткен: сел Лейлекке чыгым алып келди