Лионель Месси "Барселонадан" кетти. Бул тууралуу аталган клуб жарыялады.
Месси менен келишим июлда аяктаган. Спорт басылмалары жагдай каржылык маселеге такалганын жазышты.
34 жаштагы аргентиналык чабуулчу менен августтун башында жаңы келишим түзүү пландалган эле.
Клубдун жетекчилиги жаңы келишимге кол коюуга өз ара каалоо болгонуна карабай, Испаниянын футбол лигасынын эрежелери менен байланышкан "каржылык жана уюштуруучулук тоскоолдуктардан улам бул мүмкүн эмес" деп маалымдады.
Месси аталган клубга 2000-жылы келген. Анда 13 жашта эле. Үч жылдан кийин команданын негизги курамында ойной баштаган.
Дүйнөнүн мыкты футболчуларынын бири деп сыпатталган Месси алты ирет "Алтын топ" сыйлыгын алган. (SE)
Дагы караңыз
Ballon d'or 2021: Месси же Левандовски? Футболчу Месси бир клуб үчүн эң көп гол киргизип, рекорд койдуМесси кыргыздарды кыжалат кылды «Ballon d'or 2019»: эмне үчүн Месси?Лионел Месси алтынчы ирет «Алтын топту» алууга ылайык деп табылдыФутбол жылдызы Месси жазага тартылды