Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматына караштуу Ми-8 тик учагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун аймагында кырсыкка учурады.
Андагы экипаж тоодо, беш миң метр бийиктикте түшө албай калган орус туристтерине жардамга бараткан. Кырсык бир адамдын өмүрүн алып, төрт киши жарадар экенин «Азаттык» радиосунун тажик кызматына жергиликтүү бийликтеги булак билдирди.
Чек ара кызматынын тик учагы кырсыктаганы боюнча расмий маалымат чыга элек. Окуя болгон Поймазор кыштагы Федченко, Кашолаях жана Медвежий мөңгүлөрүнө жакын жайгашкан. Тажикстандын тоолорунда буга чейин да бир нече тик учак кыйраган.
2018-жылдын август айында Исмоили Сомони чокусуна альпинисттерди алып бараткан тик учак кырсыгынан беш киши көз жумган. Анда кырсыкка катуу шамал жана туман себеп болгон.
Дагы караңыз
Илимдер академиясынын жаңы академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү шайланды Токио-2020: Айаал Лазарев жооткотуучу беттеште күрөшөт HRW: маалымат мыйзамы сөз эркиндигине шек келтиретРавшан Жээнбеков кайра камалды