Равшан Жээнбеков кайра камалды

Равшан Жээнбеков сот залында. 2021-жылдын 5-августу.

Саясатчы Равшан Жээнбеков кайрадан камакка алынды. Бүгүн 5-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 5-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирди. Жээнбеков бир жолу бузганын мойнуна алып, бирок эскертүү менен чектелүүнү соттон суранган.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын алкагында Кой-Ташта камалган. 2020-жылы күздөгү бийлик алмашуудан кийин үй камагына чыгарылган. Андан соң президенттик шайлоодо талапкер болгон.

Соттун бүгүнкү чечимин ал оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.(NbA)

Дагы караңыз

УКМК: 15 вебкам-студияны иштетип турган адам кармалдыТокио-2020: Эрназар Акматалиевдин атаандашы белгилүү болдуӨКМ: 8-августка чейин тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталатАтамбаев Жапаровду "иш токуган тергөөчүлөр менен прокурорлордон тазаланууга" чакырды