Өкмөт: 2,4 млн. адам эмделгенде жамааттык иммунитет калыптанат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы жамааттык иммунитет калыптанышы үчүн 2 миллион 400 миң адам эмдөөдөн өтүшү керек. Бул тууралуу 5-августта вице-премьер-министр Жылдыз Бакашова билдирди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин соңку маалыматына караганда, эмделгендердин жалпы саны 651 миңге жетти. Алардын 140 миңи экинчи дозасын да алышты.

Ошентип, эмделүүгө тийиш болгондордун 27% толук эмдөөдөн өттү. Бул көрсөткүч 70% жеткенде жамааттык иммунитет калыптанарын адистер айтууда. (RK)

Дагы караңыз

Жапаров эки күндүк иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кеттиӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиМинистрлик: Мектептер мугалимдердин 70% эмделгенде ачылатАкаевдин келиши Бакиев тууралуу талкууну күчөттү