«Талибан» кыймылы Ооганстан өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрүн бутага алган чабуулдарды күчөтөрүн эскертти. Буга чейин талибдер Кабулда коргоо министринин милдетин аткаруучу Бисмиллах Хан Мухаммадиге кол салууга аракет жасашкан.
Кыймылдын расмий өкүлү Забиулла Мужахид 4-августта билдиргендей, бул кол салуу «өлкөнүн ар кайсы аймактарында чабуулдарга жана бомбалоолорго буйрук берип жаткан Кабул администрациясындагы жетекчилерге жооп катары жасалган аракеттердин башталышы гана».
Мухаммадини бутага алган чабуулда сегиз киши жан таслим болуп, 20дан ашууну жаракат алган. Ички иштер министрлиги кабарлагандай, аткаминерге кол салган төрт жоочу тең жок кылынды.
Лашкар-Гах, Герат, Кандагар шаарларында талибдер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда салгылашуулар уланып жатат.
4-августта Бириккен улуттар уюму карапайым тургундар арасында өлүм көбөйгөнүн жана ооруканага түшкөн жарадарлардын саны өскөнүн маалымдады.
Дагы караңыз
Ирандын жаңы президенти Ибрахим Раиси ант беретЖеңиш Молдокматов медициналык кароодон өттүДүйнөлүк уюм Тыныбекова менен Жуманазарованы “Кыргызстандын тарыхын жаратуучулар” деп атады Илимдер академиясында наамдар үчүн шайлоо өтүп жатат