Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюму (UWW) кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекованы жана Мээрим Жуманазарованы “Тарых жаратуучулар” деп атады.
Тыныбекова тууралуу уюм “Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Кыргызстан үчүн алгачкы күмүш медаль утуп, тарых жаратты” деп, Жуманазарова жөнүндө “Коло байге утуп, Олимпиадада медаль тагынган алгачкы кыргызстандык кыз болуп тарых жаратты” деп жазды.
Токио Олимпиадасында Мээрим Жуманазарова 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта коло байге алган. Бул байге Олимпиада тарыхында эгемен Кыргызстан үчүн кыз-келиндер арасындагы алгачкы байге.
Күрөштүн бул түрүнөн 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова 4-августта күмүш байге алды. Бул байге дагы эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында жана кыз-келиндер күрөшүнөн алгачкы күмүш медаль. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу. (RK/ECh)
Дагы караңыз
Жетекчиси жемкорлук үчүн кармалган "Кыргызкөмүрдүн" жамааты президентке кайрылды“Кумтөр иши”: Темир Сариев эки айга камалдыТаңкы Азаттык (3-чыгарылыш)Айсулуу Олимпиаданын күмүш медалын утту"Мекендештерим менден алтын күткөн"Олимпиада: Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду