Айсулуу Тыныбекова: ыйлагым келип турат

Айсулуу Тыныбекова

Токиодогу Жайкы Олимпиадада күмүш медаль уткан балбан Айсулуу Тыныбекова "Фейсбук" аркылуу кыргызстандыктарга кайрылды:

"Ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам! Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат... Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык! Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз", - деген Тыныбекова алдыдагы күндөрү беттешке чыкчу спортчуларга ийгилик каалады.

Айсулуу Тыныбекова 4-августта кыз-келиндер күрөшүнүн финалында жапониялык Юкако Каваи менен күрөшүп, 4:3 эсебинде утулуп, күмүш медаль тагынды. Ал "Азаттыкка" курган маегинде мелдешке алтын алуу максатында келгенин айтты.

23-июлда расмий башталган Токио-2020 оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Алардын ону байге ала албады. Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медал утту.

Дагы караңыз

"Мекендештерим менден алтын күткөн"Айсулуу Олимпиаданын күмүш медалын уттуТокио-2020: балбан Айаал Лазарев 5-августта беттешке чыгатКыргызстан спортчуларын тосуп алды Айсулуунун алтынга тете күмүшү