Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Талантбек Узакбаевди Кумтөргө байланыштуу күнөөлүү деп таап, айыппул түрүндөгү жаза чегерди. Бул тууралуу 4-августта “Азаттык” радиосуна соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, өкүм 29-июлда чыкты. Узакбаев Жазык кодексинин 319-беренесинин (“Коррупция”) негизинде күнөөлүү деп табылды. Ага мамлекеттин пайдасына 300 миң сом өлчөмүндө айыппул салынды.
Ал быйыл июнь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалып, бир нече убакыттан кийин үй камагына чыгарылган.
8-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кумтөр алтын кени боюнча мамлекетке 1 миллиард сом чыгым келгенин айтып, “Кызмат адамдары Узакбаев, Зулпукаров, Жээнбеков, Пирматов, Бабанов канадалык “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүп алып чыгым келтиришкен”, - деп билдирген. (RK)
Дагы караңыз
Өзбек-орус аскерлеринин биргелешкен машыгуусу башталдыБашкы прокуратура: Бакиев Кыргызстанга келсе дароо камалатӨзбекстан менен АКШ маанилүү документке кол койдуCOVID-19 ВИЧке чалдыккан 123 кыргызстандыкка жугуп, жетөөнүн өмүрүн алды