Өзбек-орус аскерлеринин биргелешкен машыгуусу башталды

Өзбек-ооган чек арасына жакын аймак. Биргелешкен аскердик машыгуудан бир көрүнүш. 4-август, 2021-жыл.

Өзбекстандын Ооганстан менен чектешкен аймагында, Термездеги аскер базасында Орусиянын аскер күчтөрүнүн катышуусунда биргелешкен аскердик машыгуулар башталды.

Машыгуулардын ачылышына Орусиянын Борбордук аскер округунун аскерлеринин кол башчысынын орун басары Николай Терещенко менен Өзбекстандын коргоо министринин орун басары Кадыр Турсунов катышты.

Аскердик машыгууларга жалпысынан өзбекстандык жана орусиялык 1500 жоокер менен офицер, үч жүздөн ашуун аскер техникасы тартылды.

Мына ушундай эле тажик-орус биргелешкен аскердик машыгуулары Тажикстандагы орус аскер базасында 5-августтан 10-августка чейин уланат.

Бул аскердик машыгуулар Ооганстан тараптан келчү коркунучтун алдын алууну көздөп, жоочулардын Өзбекстан менен Тажикстанга карата чабуулдарынын мизин кайтарууга багытталган.

Бул аскердик машыгуулар Ооганстанда “Талибан” кыймылы күчүп, өлкөнүн бир топ аймагын басып алган учурга туура келди.

Дагы караңыз

Башкы прокуратура: Бакиев Кыргызстанга келсе дароо камалатӨзбекстан менен АКШ маанилүү документке кол койдуCOVID-19 ВИЧке чалдыккан 123 кыргызстандыкка жугуп, жетөөнүн өмүрүн алдыКыргызстанды өнүктүрүү татаал деле эмесДепутат Бекешев Аскер прокуратурасына Кумтөрдөгү мөңгүлөр боюнча сурак берди