Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода камакка алынган адамдардын бардыгы тыюу салынган диний-радикалдык жана террордук-экстремисттик уюмдарга мүчөлүккө айыпталып жатканын билдирди. Анын айтымында, кармалгандардын арасынан 23 кишинин Группа-24, Ислам кайра жаралуу партиясы жана Тажик улуттук пакты сыяктуу саясий оппозиция менен байланышы бар.
Министр Рахимзода калгандарынын бардыгы диний-радикал уюмдардын катарында тургандар экенин айтты. Ал 4-августта берген маалымат жыйынында кармалгандар кайсы уюмдардан экени тууралуу буларга токтолду:
Анткен менен адам укугун коргогон бир катар уюмдар тажик бийлигинин кармалгандарды терроризм, экстремизмге айыптоосуна күмөн санашууда. Алардын айтымында, бийлик террорчулук деген шылтоо менен катаал чараларды көрүп, саясий атаандаштарынан жолду тазалап келгенин сынга алышты.
Дагы караңыз
Башкы прокуратура: Акаев тергөө менен активдүү кызматташып жататАйсулуу менен Каваи төртүнчү ирет беттешүүдө 5-августтун аба ырайы"Кыргызкөмүрдүн" директору менен "Кара-Кеченин" эсепчиси кармалдыАкаевдин келиши, аны жоопко тартуу талабы