Лейлек: Төрт айылда айрым үйлөрдү жана жолдорду сел каптады

Баткен. 3-августтагы селдин кесепети.

Лейлекте кайрадан сел жүрүп, үйлөрдү жана жолдорду каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 3-августтун кечинде катуу жаап өткөн жамгырдан кийин жүргөн селдин суусу Ак-Терек айылында 20 чакты үйдүн ичине жана короосуна кирген, ички чарбалык жолдорду, арыктарды каптаган.

Ак-Суу, Катраң, Кулунду айыл аймактарында да 20дай үйгө суу кирип, ички чарбалык автожолдордон тышкары Ош – Баткен – Исфана жолунун 318 жана 320-чакырымын сел каптаган. 4-августка карата, ӨКМ билдиргендей, жол каттамы ачык.

19-июлда Баткен облусунда сел жүрүп, Лейлекте 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган.

Июль айынын экинчи жарымында Жалал-Абад облусунда селдин курмандыгы болгондор онго чукулдаган. Өткөн аптада Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында да сел жүрүп, айрым үйлөр жана жолдор жарактан чыкты. (RK)

Дагы караңыз

Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзам парламентте сентябрда каралганы жататКыргыз спортунун жаңы барагын ачкан балбандарКыргызстан спортчуларын тосуп алды Коронавирустан дагы 9 адам көз жумду, 696 бейтап жаңы катталды