Мурдагы премьер-министр Темир Сариевге "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып тагылды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны 3-августта кармап, 48 саатка камаган. Сариев Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген.
Сариевдин адвокаты Эдил Жаныбеков иш боюнча комментарий кийинчерээк берилерин айткан.
Темир Сариев 2015-жылдын май айынан 2016-жылдын апрелине чейин премьер-министр болгон. Андан мурун экономика жана монополияга каршы саясат министри, каржы министри, Жогорку Кеңештин депутаты болгон жана башка мамлекеттик кызматтарда иштеген.
Дагы караңыз
“Кумтөр иши”: Темир Сариев эки айга камалдыЖакупова: Сариевди кармоого негиз жок болчу "Кумтөр иши": Акаев сурак бере баштады