Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөр 611 миңден ашты. Алардын 123 миндейи вакцинанын эки дозасын тең алгандар. Бул 3-августта кечки саат 8ге карата берилген расмий маалымат.
Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда.
Өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын расмий катталган саны 165 миңден ашып, эки жарым миңге жакын бейтап көз жумду.
Учурда республиканын бардык аймактарында Sinopharm, AstraZeneca жана "Спутник V" вакциналарын алууга шарт бар.
Вакцина 18 жаштан улуу курактагы бардык каалоочуларга сайылууда. Кыргызстандын калкы 6,5 миллион адам. Алардын 30% 15 жашка чейинкилер. (SE)
Дагы караңыз
Токио-2020: Нурсултан Кеңешбеков финалга өтпөй калдыАкжол Махмудов: өзүм ойлогондой күрөшө алган жокмунКыргызстан медалдар тизмесинде 64-орунга чыктыТүркия: вирус жуккан туристтер изоляцияга алынат Кыргызстан спортчуларын тосуп алды Олимпиада: Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду