Орус элчиси 24 дипломат АКШдан чыгарыларын билдирди

Вашингтон. Орусиянын элчилигинин алдындагы каршылык акциясы. 21-март, 2021-жыл.

АКШнын бийлиги Орусияга элчиликте иштеген 24 дипломаттын тизмесин берип, алардын 3-сентябрга чейин чыгып кетишин талап кылды. Бул тууралуу Орусиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов National Interest басылмасына курган маегинде билдирди. Анын сөзүнө караганда чыгарыла турган дипломаттардын ордун башкалар толуктай албайт. Анткени АКШ виза берүү тартибин катаалдаштырды.

Ал эми АКШнын Мамдепартаментинин расмий өкүлү Нед Прайс Орусиянын элчисинин бул маалыматы так эместигин айтып, дипломаттар визаларын узартууга күн мурунтан суроо-талап жибериши керек болгонун белгиледи. Ошондуктан ал маселе Орусиянын дипломатиялык миссиясына карата чектөө катары каралбашы керектигин кошумчалады.

Быйыл май айында Орусия АКШны “дос эмес өлкөлөрдүн тизмесине” киргизип, орусиялык жарандарды америкалык элчиликке жумушка алууга тыюу салган. 182 кызматкерди жумуштан алууга туура келген.

Быйыл апрель айында башталган санкциялык тирештин айынан АКШ менен Орусия дипломатиялык миссияларында иштеген ондон кызматкерин кыскарткан.