Дарыгерлердин айлыгын жогорулатууга бюджеттен 1,6 миллиард сом бөлүндү

Иллюстрациялык сүрөт.

Дарыгерлердин айлыгын жогорулатууга республикалык бюджеттен 1,6 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу 3-августта Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 1-июлдан тартып өлкөдө медицина кызматкерлеринин жана бул тармакта иштегендердин айлыгы 50% жогорулаган.

8,5 миң сом маяна алган дарыгерлер дээрлик 13 миң сом, 6 миң алгандар 9 миң сомдон ала башташты.

Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында 77 миң адам эмгектенет, алардын 14 миңи дарыгерлер, 33 миңи орто медициналык кызматкерлер, калгандары административдик жана башка кызматтагылар. (RK)

Дагы караңыз

"Кумтөр иши" боюнча экс-премьер-министр Темир Сариев кармалдыБеларус активистинин өлүмүн украин полициясы иликтейтЧыныбай Турсунбеков атындагы фонддун "Жаш толкун" поэзия сынагы уланууда 4-августтун аба ырайы