Жакынкы арада Кыргызстанда өсүмдүк майынын жана канттын баасы төмөндөйт. Бул тууралуу 3-августта «Кабар» улуттук маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Сагындык Маматоморов билдирди.
Анын айтымында, август айынын соңуна чейин Кыргызстанга кошумча нарк салыгы салынбаган 40 миң тонна кант ташылып келгени жатат. Ал эми өсүмдүк майынын арзандоосуна Кыргызстанга бул азыкты импортточу Орусияда быйыл күн караманын түшүмү былтыркыга салыштырганда жакшыраак болгону мүмкүнчүлүк берери айтылды.
Кыргызстанда соңку эки жылдан бери азык-түлүк жана башка продукция кыйла кымбаттады. (RK)
Дагы караңыз
Сырттан ташылган мал үчүн алгачкы карантиндик бекеттер ачылдыОлимпиада: Айсулуу Тыныбекова биринчи беттеште уттуТокио-2020: Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыктыCOVID-19: Дагы он адам каза болду, 797 бейтап жаңы катталды