АКШ жана Британия “Талибан” кыймылын “аскердик кылмышка” айыптады.
“Спин-Болдак, Кандагарда талибдер өч алуу максатында ондогон жайкын тургундарды өлтүрүшкөн”-деп эки өлкөнүн элчиликтери “Твиттерге” жарыялашты.
Батыш дипломаттары Ооганстандын Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясынын жаңы баяндамасына таянууда. Анда Пакистан менен чек арадагы Спин-Болдакта согушкерлердин кылмыштары жөнүндө жазылган.
Элчиликтер “Талибандын” жетекчилиги бул кылмыш үчүн жоопко тартылышы керектигин белгилешкен. “Азыртадан согушкерлериңерди көзөмөлдөй албасаңар, мындан аркы абал жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес”- деп айтылат элчиликтердин билдирүүсүндө.
АКШ президенти Ооганстандан америкалык аскерлер быйыл 31-августка чейин толук чыгарыларын жарыялаган. Ошондон кийин “Талибан” кыймылы күчөп, өлкөнүн бир нече аймагын басып алууга жетишти. Өлкөдө зордук-зомбулук күчөп, ооган аскерлери жана жайкын тургундар чектеш өлкөлөргө өтө качууда.
Дагы караңыз
Өзбекстанда жол торогондордун көбү камалдыЖаңы-Өзөндө кенчилер кайрадан иш ташташтыОлимпиада: 3-августта кыргызстандык беш балбан беттешетСадыр Жапаров Акжол Махмудов менен Айпери Медет кызын куттуктады