Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов мэриянын борбордук аппаратында иштеген уулу Нурсултан Насирбековду кызматтан алды. Тийиштүү буйрукка 2-августта кол койгонун шаардык бийликтен "Азаттыкка" билдиришти.
Сарыбашов ушул күнү мэриянын кызматкерлерине тааныштырылып, калаа башчылык кызматка отурган. Анын уулу буга чейин мэриянын Уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеген.
50 жаштагы Таалайбек Сарыбашов 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэрлик кызматын аркалап келди. Анын ордуна Ошко жетекчи болуп Алмаз Мамбетов барды. (SE)
Дагы караңыз
Токио-2020: Акжол жараткан үмүтТүркиядагы өрт: дагы бир райондун тургундары көчүрүлөтТалгарбеков: Акаев УКМКнын сунушунан улам өзү келдиБеларус спортчусу Тимановская Польшадан башпаанек сурады Аскар Акаев: Тергөөгө жардам бергени келдим