COVID-19: Мектептерди ачуу маселеси "Август кеңешмесинде" чечилет

Иллюстрациялык сүрөт.

Мектептерди ачып, балдарды реалдуу шартта окутууга өтүү ыктымалдыгы боюнча маселе мугалимдердин “Август кеңешмесинде” талкууланат. Бул тууралуу 2-августта Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди:

“Бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирге “Август кеңешмесине” даярдык жүрүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинин мектептердеги реалдуу шартта окууга даярдыгы каралууда”.

Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын мартында жабылган мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлар толук ачыла элек. COVID-19 жуккан адамдар боюнча расмий статистикада Бишкек биринчи орунда турат, өлкө боюнча бул вирус дээрлик 165 миң кыргызстандыкка жукту, алардын 2,3 миңден ашууну каза болду. (RK)

Дагы караңыз

Сарыбашов: Бишкекке мэр болууну президент сунуштадыТокио-2020: Акжол Махмудов жарым финалга чыктыМамкатчы: "Манастын уулу Семетей" тасмасын президент каржылаган жокCOVID-19: Быйыл каза болгондордун 13% боор илдети өтүшүп кеткендер түздү