COVID-19: Быйыл каза болгондордун 13% боор илдети өтүшүп кеткендер түздү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл коронавирустан каза болгондордун 13 пайызы боор илдети өтүшүп кеткендиктен көз жумду. Бул тууралуу 2-августта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиолог дарыгени Султан Султанбаев билдирди:

“Жыл башынан бери коронавирустан 945 адам каза болду. Алардын 121и боорунун илдети өрчүп кеткенине байланыштуу көз жумду. Бул каза болгондордун 13 пайызы”.

Коронавирустан эмдөө коргой турганын кошумчалаган Султанбаев вирустук гепатитке чалдыккан адам вакцинаны боорунун оорусу айыккандан кийин гана же илдеттин белгилери жок кезде алышы керек. Гепатит оорусу күчөп турган учурда, боорун алмаштыргандар же бул органдын өсмө илдетине чалдыккандарга вакцина алган болбойт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 2-августка карата расмий маалыматына караганда, Кыргызстанда бул инфекция дээрлик 165 миң адамга жукту, алардын 2,5 миңдейи каза болду. (RK)

Дагы караңыз

Токио-2020: Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы аныкталдыСарыбашов: Бишкекке мэр болууну президент сунуштадыБаткен: Сел суусу үйлөрдү жана жолдорду каптады Токио-2020: Акжол Махмудов жарым финалга чыкты